Президент Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабга кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүн талдоо жана болжолдоо ишин күчөтүүнү сунуштады.

Президент бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзү татаал кырдаалды баштан өткөрүп жаткандыгын жана ар бир өлкө бул илдет менен өзүнүн каржы жана саламаттыкты сактоо системасынын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша күрөшүп жаткандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы Өкмөттү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин кийинки абалды анализдөө жана прогноздоонун жоктугунан улам сынга алды.

Президент калктын керектөөсүн так аныктоо үчүн бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын бегиледи.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ыктыярчылардын координациясын күчөтүү керектигин белгилеп, дарыгерлерди тамак-аш менен камсыз кылуу маселесине да токтолду.

Мамлекет башчысы Республикалык штабды дары-дармектердин рыногунда, бет кап жана коргоочу каражаттардын жетишсиздигин алдын алуу үчүн чараларды көрүүгө жана көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков азырынча жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү маселеси карала электигин баса белгилеп, бирок жер-жерлердеги жетекчилер тарабынан киргизилген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана экономика субъектилери милдеттүү түрдө аткарышы керектигин эске салды.