Баткен облус аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча күчөтүлгөн иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарандарды ташыган коомдук транспорттордун, жүргүнчү ташыган жеке такси кызматтарынын айдоочуларына санитардык эрежелердин нормаларын сактоосун эскертишип, атайын эскертүүлөрдүн нускамаларын коомдук жайларга илүүдө.

Мындан сырткары айдоочулардын, жол жүргүнчүлөрүнүн арасында өзүн жаман сезип, дене табы көтөрүлүп, медициналык жардамга муктаж болгон жарандарды жакынкы аралыктагы жайгашкан саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо профилактикалык мекемелерине тез арада жеткирүү боюнча нускамалар берилүүдө.

Ошондой эле Россия мамлекетинен келген жарандарды жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тосуп алышып, аларды токтоосуз жергиликтүү обсервациялык бөлүмдөргө коштоп жүрүүнү уюштуруп, жеткирип жатышат.