Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун аба аркылуу жайылуусу мүмкүн экенин  мойнуна алды. Бир нече окумуштуулар уюмду Covid-19 оорусунун алдын алуу боюнча сунуштарын жаңыртууну талап кылышты деп билдирет Reuters агенттиги.


«Коронавирустун аба аркылуу таралышы мүмкүн экендигин моюндайбыз,»- деген ,ДССунун техникалык директору Мария Ван Керчове брифингде.

ДССУ белгилегендей, COVID-19 респиратордук оорусун козгогон вирус, негизинен, инфекция жуктурган адамдын дем алуу органдарынан чыгарылган кичинекей тамчылар аркылуу тарайт.


Буга чейин илимпоздордун тобу вирустун абадагы эң кичинекей бөлүкчөлөр аркылуу жайылышы мүмкүн деген көз карашын билдиришип, ДССУну коронавирустун алдын алуу боюнча сунуштарын карап чыгууга үндөшкөн.