Грепплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдурахман Муртазалиев борбор калаадагы жана облустардагы бейтапканаларга демөөрчүлөр менен бирге респиратордук беткаптарды таркаткан. Спортчу медицина кызматкерлери респиратордук беткаптарды алгандан кийин да бир жолу колдонуучу беткаптарды тагынып жүргөнүнө нааразы болгон видеону инстаграм баракчасына  жүктөдү.

Видеодон ак халатчандар эч кандай респиратордук беткаптарды көрө элек экенин билдирип, бир жолу колдонуучу беткапарды тагынып жүргөнүн көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Абдурахман Муртазалиев  7-8-июнь күндөрү эле 2800 респиратордук беткап таркатып, облустарга 3 миң беткап жана жети миң кол кап жибергени айтылган.

Спортчу кечки саат 21:00дө кошумча маалымат бериле турганын кабарлады.

https://www.instagram.com/p/CCaRYUmntkv/