Ош шаарында жеке клиникада дарыланып жаткан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери каза тапты. Маалыматты маркум дарыланып жаткан ооруканадан тастыкташты.

Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери У.У.дан 1-июль күнү коронавирус аныкталган. Жеке клиниканын маалыматына караганда, маркум бүгүн, 9-июлда эртең менен көз жумган. Ал 3 күн мурун оор абалда түшкөн. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен дем алып жаткан.

Ооруканадан маркум эки тараптуу пневмониядан улам көз жумганын билдиришти.

Буга чейин Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Шакиров 1-июль күнү бир кызматкерден коронавирус аныкталганын билдирген.

Анын айтымында, бейтап менен байланышта болгон башка кызматкерлер текшерилген эмес.

Булак: Турмуш