Түзүлгөн экономикалык кырдаалга байланыштуу айрым ишкерлер соода аятнчасы үчүн ижарачылардан акы алуудан баш тартышты. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов  республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан учурда оор күндөрдү баштан кечирүүдө. Ушундай кыйын кырдаалда башка коммерциялык кыймылсыз мүлктүн ээлерин да мындай үлгүлүү ишти жүзөгө ашырууга чакыргым келет. Бул аракеттер өз кезегинде экономикалык тармакты жандандырууну жана жумушчу орундарды сактоону шарттайт», — деп кошумчалады Өкмөт башчы.