Президенттин басма сөз кызматы эмне үчүн YouTube каналындагы Сооронбай Жээнбековдун видео билдирүүсүн алып салууга аргасыз болгонун түшүндүрдү.
«Видеодо көптөгөн чагымчыл пикирлер, анын ичинде аймактык араздашууну козутуу, адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинтүү максатын көздөгөн кооментарийлер калтырылып, көпчүлүгү жасалма (фейк) аккаунттардын атынан жазылгандыктан аны жок кылып, кайрадан комментарий калтыруу функциясы жок жүктөө чечими кабыл алынды», — деп билдирди басма сөз кызматы.