Ассоль Молдокматованы бычак менен коркуткандарга сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бул тууралуу  Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

«Маалыматтык веб-сайттардын биринде А.Молдокматовага карата жасалган кылмыш жөнүндө макала жарыяланган соң, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын КЖБРне катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренеси (өмүргө жана саламаттыкка коркунучтуу зомбулук көрсөтүү коркунучу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. 

Учурда ушул соттук териштирүүнүн алкагында зарыл болгон тергөө аракеттери көрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, 8-июлда «Добра» штабынын башчысы Ассоль Молдокматованы бычак менен коркутуп кетишкенин теле алып баруучунун медициналык жардамчысы Зухра Уразматова маалымдаган. 

Анын айтымында, окуя анын үйүнөн алыс эмес жерде, Ассоль көчөдө жалгыз басып бара жаткан учурда болгон. 

Капюшон кийген эки жигит келип, ага бычакты көрсөтүп, бийликти жана анын ишин сынга алса өлтүрүп кете тургандыгын айтып коркутушкан.

Аталган штабдын мүчөлөрү Молдокматованын ден-соолугуна жана жашоосуна тынчсызданып жатканын билдирип, укук коргоо органдарынан коомдук ишмер Ассоль Молдокматованы тез арада коргоону суранышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, буга чейин Молдокматова Өкмөттүн коронавирус боюнча алып барган ишин сындаган.

Булак: NazarNews.kg