Бүгүн, 11-июлда белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов 45 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Экс муфтий жана уламалар кеңешинин мурдагы мүчөсү, диний ишмер Чубак ажы Жалилов бүгүн түнү оор абалда улуттук госпиталга алынып келингени кабарланган. Бирок көп өтпөй эле пневмониядан улам каза болгондугу кабарланды.

Диний ишмер Чубак ажы Жалилов — 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн.

Ал — 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган. 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиясыдагы «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын Азирети муфтийи кызматын аркалаган. Муфтий болуп иштеп турган убагында коррупцияга каршы бир топ реформаларды жасаган.

Дин аалымы ушул жылдын 16-июнунда эле Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгуу боюнча арыз жазган эле. Ал коомчулуктагы кырдаал тууралуу өз пикирин ачык айтып келген.