Коом

15-июлга чейин күтүлгөн аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 15-июлга чейинки Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан аба ырайынын болжолу тууралуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустары

11-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, кундүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-июлда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-12-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

13-июлда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

14-июлда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.

15-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкек шаары

11-июлда түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

12-15-июль күндөрү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

11-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаан жаашы күтүлөт.

12-июлда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-12-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

13-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан жаайт.

14-июлда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт.

15-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ысык-Көл облусу

11-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаан жаашы мүмкүн.

12-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаайт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

13-июлда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-15-июль күндөрү кээ бир райондордо жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-12-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарлары

11-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

12-13-июлда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-15-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-12-июлдарда 15-20 метрге жетет.

Нарын облусу

11-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

12-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз жаан жаабайт.

13-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

14-15-июль күндөрү кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-12-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button