Коом

Улукбек Кочкоров: “ Чубак ажы сыйлыгын албай кетти”

Чубак ажы Жалиловду  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин «отличник» төш белгиси менен сыйлоо чечимин кабыл алган элек, тилекке каршы, ошол күндөрү ажыке бир аз сыркоолоп, сыйлык тапшыруу салтанатыбызга келе албады- деп Улукбек Кочкоров инстаграм баракчасына билдирүү жазды. Төмөндө минстрдин билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:


“Өткөн июнь айынын 17синдеги N118 буйрук менен адеп-ахлакты, ыймандуулукту, кайрымдуулукту, сабырдуулукту даңазалоо менен адамдын асыл сапаттарын арттырып, коомубузду туура жолго багыттагандыгы үчүн, жаштарга тарбиялык иш-чараларды уюштуруп, руханий баалуулуктарды жайылтып, үй-бүлө институтунун бекемделишине жана мамлекетибиздин социалдык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Чубак ажы Жалиловду Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин «отличник» төш белгиси менен сыйлоо чечимин кабыл алган элек. Тилекке каршы, ошол күндөрү ажыке бир аз сыркоолоп, сыйлык тапшыруу салтанатыбызга келе албады. Арадан бир жума өтүп, ал киши өзү телефон чалып, «ден-соолугум дурус болуп калды, мүмкүнчүлүгүңүз болсо сыйлыгыңызды тапшырып кетээрсиз» деди. Улуу устазга жөн эле барып, көкүрөгүнө төш белгини тагып кетип калганды туура эмес көрүп, «ажыке, жакшы бир иш-чарада кылган эмгегиңизди айтып, эл алдында салтанаттуу тапшырсам деген ниетим бар» дедим. Ошентип, биз болжошкон күнгө жетпей, ажыкем мынтип чын дүйнөгө кете берди.
Аманат жашообуз кайсы жерде, кайсы күнү, кай саатта токтоп калаарын билбейт экенбиз. Азыр «ажыкем менен сүйлөшкөн күнү эле барып, сыйлыгын тапшырып кетсем болмок экен» деп ичимден өзүмдү жемелеп турам.
Чындыгында сиз адамдык асыл сапаттарыңыз бийик, дүйнөтаанымыңыз кенен, сый-урматка татыктуу инсан элеңиз.
Ылайым Аллахым Фирдаус бейишинен орун берген болсун. Акыретиңиз ават, ыйманыңыз саламат болсун!
Кош болуңуз, Чубак ажы!”-деп жазат У.Кочкоров.



Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button