Дары-дармек каражаттарын кымбат баада сатып жаткан алып сатарларга карата бир катар сотко чейинки териштирүүлөр башталды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Учурда республиканын аймагында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарына жана медициналык каражаттарга бааны негизсиз кымбаттатууну жоюуга багытталган туруктуу рейддик чараларды көрүүдө.

«Тийиштүү иш-чаралардын жүрүшүндө айрым жеке тараптар дары-дармектерди кымбат баада сатып жатканы аныкталган. Муну менен алар дүрбөлөңдөн жана дары-дармек каражаттарынын жетишсиздигинен пайдаланып, акча табууну көздөшкөн. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында уруксат кагаздары жок жеке тараптардын дары-дармектерди кымбат баада сатып жаткандыгы боюнча бир катар факттар табылды. Кызматкерлер «Клексан» дарысын шаардын бир нече жеринде 8 миң сомдон 14 миң сомго чейин кымбаттатып жиберген учурларды аныкташты.

Учурда аныкталган адамдарга карата сотко чейинки өндүрүш иштери башталды, анын жыйынтыгы боюнча катыштыгы бар адамдардын аракеттерине тийиштүү укуктук баа берилип, процессуалдык чечимдер чыгарылат», — деп айтылат маалыматта.