Баткен облусунун Лейлек районунда 12-июль күнү сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 15:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Исфана шаарында жана Тогуз-Булак айыл аймагында коктулардан келген суу үч турак үйдүн короосун каптаган.

Ушул тапта тиешелүү адистерден турган комиссия, куткаруучулар сел жүргөн аймакта иштеп жатышат.