Коом

Тазабек Икрамов: Азыр биз күнөөлүү издеп, териштирип турчу убакыт эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов кыргызтсандыктарга кайрылуу жолдоп, жарандарга сабырдуулук, ынтымак жана мыйзамдуулук гана бизди бул илдеттен чыгара турганын айтты.

Урматтуу мекендештер! Ааламды каптаган апаат азыр бизди да чоң сыноого алып келди. Отуз жылдан берки мамлекетти тоногон коррупционерлер өлкөнү эле эмес медицина тармагын кошо тоноп кетишиптир. Бул боюнча аманчылык болуп, элибиз аман бул апааттан чыгып алсак териштирчү күн алыс эмес. Аткаруу бийлигиндеги шалаакылык да апаатын жайылышына себепкер болду.

Тилекке каршы азыр биз күнөөлүү издеп, териштирип турчу убакыт эмес. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 12684409 адам коронавирус илдетин жуктурса 564506 адам бул илдеттен көз жумду. 6 миллион 900 миң адам айыгып чыкты. Эң кубаттуу делген АКШда, Индияда, Россияда, Бразилияда апаатты жуктуруп, пандемияга кабылган жарандардын саны дүйнө боюнча көп. Каза болгондордун саны боюнча да ушул өлкөлөр алдыда келе жатат.

Алардын медицинасы да туруштук бере алган жок. Италия, Испания сыяктуу кубаттуу Европа Биримдиктин мүчө өлкөлөрү апааттан кийин бул биримдиктин келечеги боюнча маселе көтөрө баштады. Мунун баары дүйнөнүн бир бөлүгү катары бизди кыйгап өткөн жок дегенди билдирет.

Мен ушундай кырдаалда жана шартта иштеп жаткан эң биринчи доктурларга, мед айымдарга, ыктыярчыларга башымды ийип таазим этем. Биздин элдин колдоочулары биринчи Кудай анан дал ушул ак халатчандар, мээримдүү мекендештерибиз болуп жатат. Мен да ушул оору менен кармашып, бир канча кун врачтардын айтканын так аткардым, санитардык нормаларды так сактадым. Паникага түшкөн жокмун. Натыйжасы ушул, бугун жакшымын. Ырас, бул оору арабыздан мыкты уул-кыздарыбызды алып кетти. Жарандарыбызды жоготтук.

Бирок бул илдет жалгыз эле бизде эмес. Карап көрүңүздөр, 12- июлга карата Казакстанда бир эле күнгө 1798 адам илдетке кабылды, жалпы 58 мин адам ооруду. Россияда 10-июль куну 188 адам көз жумду. Өзбекстан, Таджикстан деле суктанаарлык эмес. Тескерисинче азыр, Россия, Казакстан жарандары биздин врачтарга, ыктыярчыларга суктанып жатышат.

Урматтуу мекендештер! Бул апаат Кыргызстанды эле эмес, жалпы ааламды каптаган апаат болуп жатат. Эч бир мамлкет кыя өтө алган жок. Бул жалпы адамзаттын трагедиясы. Ушундай шартта биз ынтымак, сабырдуулукту бекем кармашыбыз керек. Мыйзамдуулукту туу туталы. Сабырдуулук, ынтымак жана мыйзамдуулук гана бизди бул илдеттен чыгарат. Бардыгыңыздарга ден соолук каалайм, оорубаңыздар!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button