Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата аймактык ооруканасы тууралуу интернетте жарыяланган видеодо тууралуу түшүндүрмө берди.

Мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын билдирүүсүндө, коронавирус менен ооругандарды дарылап жатып, дарыгерлер өздөрү да илдет жуктуруп алышкан, алардын ичинде Ысык-Ата ооруканасынын кызматкерлери да бар экени белгиленген.

Министрликтин Чүй облусундагы координатору Бактыгүл Мамытованын сөзүнө таянуу менен ооруканага кошумча тогуз кызматкер тартылганы кабарланган. Алардын үчөө (бир дарыгер, эки медайым) Токмок медициналык окуу жайынан, алты медайым Чүй облустук стамотологиялык поликлиникасынан жөнөтүлдү. Мекеме видеодо медициналык кызматкерлердин кезмет алмашып жаткан учуру тартылган деп билдирет.

Эске салсак, 11-июлда Кант шаарынын жашоочусу катары өзүн тааныштырган жаран ооруканадан тарткан видеону интернетке жарыялаган. Ал коронавируска кабылып бейтапканада жатканын, аны жана башка оорулууларды караган дарыгерлер жоктугун, палаталарда өздөрү калганын айткан. Тасмада оорукананын ичинде ак халатчандар жок экенин байкоого болот.