Түштүк Африка Республикасынын бийлиги коронавирус илдетинин көбөйүшүнө байланыштуу алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салды, ошондой эле саат 21: 00дөн 04: 00гө чейин коменданттык саат киргизди, деп билдирет Би-Би-Си.
Президент Кирилл Рамафосанын айтымында, жаңы чектөөлөр өлкөнүн саламаттык
сактоо тутумуна жүктү азайтууга багытталган.
«Бир нече адам ичип башташты. Айрымдары эл көп чогулган жерлерде беткапсыз жүрүшөт », — деди ал.
Африкада өлкөлөрүнүн ичинде Түштүк Африка эң көп коронавирус менен жабыркаган:
акыркы маалыматтар боюнча, 276 миңден ашуун жаран илдеттен жабыркаса, 4 миңден
ашуун өлүм болгон.