«Манас» эл аралык аэропорту 13 июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мекенге Беларусь Республикасынан 164 КР жараны кайтып келди.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси КР Улуу Британиядагы элчилиги тарабынан КР чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен Европа жана башка өлкөлөрдөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу максатында түзүлгөн.

Бул каттам менен Кыргызстандын жарандары, ошондой эле Минскке каттаган үзгүлтүксүз каттамда Австрия, Беларусь, Бельгия, Улуу Британия, Германия, Греция, Италия, Литва, Польша, Украина, Франция, Филиппин, Норвегия, Швецария, Швеция, Түштүк Африкадан студенттер келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылат.