Фейсбук колдонуучусу Сайд Рахман (Said Rahman )

деген ат менен катталган аккаунтун ээси, учурда социалдык тармактарда кызуу колдоого алынып жаткан  хижама тууралуу жазды.

“Жеке пикиримди айта кетсем Хижама (кан алдыруу боюнча)

Биздеги хижама тууралуу баш аламандык жөнүндө бир канча жыл мурдаа кеңири жазган элем. Билген билбегени баары эле кан алышат бизде «билерман болуп» Бул өтө опурталдуу. Чоң риск. Бир банканы ар кимге эле колдоно беришет биздин кээ бир таксырлар. Андан гепатиттин түрлөрү жугат. А азыр босло вирус адам канында болгон болсо өтө тездик менен тарайт. Атайын белгиленген «алтын точкаларды» билбей эле жасай беришет.

Хижама адам канында жугуштуу илдет, вирус болбогон кезде гана жасалат. Талаптагыдай жасалса хижама табылгыс даба. Профилактикалык өтө пайдалуу нерсе. Айрыкча канды суюлтуп, кан жүгүрүүсүн нормалдаштырат. Анын баары таза кезде гана жасалат. Айтып отурса пайдасы өтө көп!

А бирок ковидди, пневмонияны хижама менен дарылоо бул чоң жаңылыштык жана чоң риск. Поздно уже. Ал жагын салттуу медицинага коюш керек. Kovid 19 положительный болуп же пневмония болгон кезде хижама кылбагыла да кылдырбагыла!

Хижама жасаганда кара коюу кан керексиз кан, зыяндуу кан деген ал миф. Жалган. Денедеги кан сыртка чыкканда коюлуп кара болоорун жаш бала деле билет. Кээ бириң антип элди алдабагыла

Жеке мен Индиядан ушул тууралуу атайын сабактарга катышып практика жүзүндө үйрөнгөм. Кан жакпаганы үчүн жасабайм

Эскертүү: Дасыккан медицина адиси каршы лык билдирсе анда эч качан пикиримди каршы койо албайм. Ансыз да медицина бул ыкманы мыйзамдуу тастыктай элек. Анан баса: реклама эмес. Хижама жасабайм!”-деп жазат ал.

Эске салсак, шоу-бизнес өкүлдөрү жана коомдук активисттер, социалдык тармактарда хижама коронавирусту дарылоодо жакшы натыйжа берип жатат деп жазып, айтып чыгышкан.