Жал кичи районунда 95-мектептин имаратында жаш активисттер күндүзгү стационар ачышты. Бул тууралуу ишкер @kubanov_nursultan өздүк баракчасына жазды.
Бардык керектүү дары-дармектер, керебеттер бар, кызматкерлер жана башка буюмдар даяр.
“Күндүзгү стационар күн сайын 08: 00-20: 00 чейин иштейт. Адамдардын кезекте турушуна жол бербөө үчүн, call-борбор аркылуу адамдарды жаздырууну чечтик. Убакытты үнөмдөп, бир күндүк ооруканага алдын ала 0755993777 номерине чалып жазылсаңыз болот”-дейт ал.
Ал эми жандандыруу бөлүмү жок болгондуктан, абалы оор бейтаптар кабыл алынбай тургандыгын ишкер кошумчалады.