Ош ОИИБдин начальниги М.Нурдиновдун демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин колдоосу астында, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак жана Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылдарынын аймактарында эки айылдык милиция бөлүмчөсүнүн курулуш иштери башталды.

Чек арага жакын аймактарда коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, жарандардын жеке коопсуздугун камсыз кылууну чыӊдоо максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Кызыл-Кыштак айыл аймагында айылдык милиция бөлүмчөсүн түзүү» жөнүндө буйругу чыккан. Буйруктун негизинде 25 штаттык кызмат орун бөлүнгөн. Ички иштер министрлигин буйругунун аткарылышын камсыз кылууну жана Ош ОИИБдин начальнигинин демилгесин коолдоп, жергиликтүү бийлик тараптан Кызыл-Кыштак айыл аймагынын административдик имаратынын жанынан айылдык милиция бөлүмчөсүн курууга 5 сотых жер бөлүп берди.

АМБнын курулуш иштерин баштоо үчүн каражат маселесине келип такалган учурда, Ош облусунун ички иштер бөлүмөрүнүн ардагерлери, кызматкерлери жана Кара-Суу районунун ишкерлери сырта карап турбастан курулушка керектүү каражаттарды топтоп беришти. 2020-жылдын 4-июнь күнү имараттын курулуш иштери башталды. Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын узуну 17 м туурасы 13 м болгон 10 кызматтык бөлмөдөн турат. Бул бөлүмчөнүн кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районун Кызыл-Кыштак жана Төлөйкөн айылынын аймактарынындагы 70 миӊден ашуун калкты тейлейт. Ал эми 2020-жылдын 3-июль күнү Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылында Кызыл-Жар АМБнын курулуш иши башталды.

Курулуштун башталышына Ош ОИИБдин начальниги,милициянын полковниги М.Нурдинов катышып, курулуштун пайдубалына капсула салды. Аталган айылдык милиция бөлүмчөсүнүн эски имараты жараксыз абалга келгендигине байланыштуу бүгүнкү күндө жеӊил конструкциядан турган имараттын курулуш иштери жүрүүдө. Бул курулушту мындагы кызматкерлер дээрлик 20 жылдан ашык мезгил күтүшкөн болчу. Кызыл-Жар айылдык милиция бөлүмчөсү 4 кызматтык бөлмө, 2 жашоо үчүн бөлмө, 1 бөлмөлүү ашканадан турат.

Айылдык милиция бөлүмчөсү чегарада жайгашкан Алайкуу өрөөнүнүн Ой-Тал, Капчыгай жана Кызыл-Жар, Алайкуу айыл аймактарында жашаган 20 миӊ ге жакын калкты тейлейт. Бул эки айылдык милиция бөлүмчөлөрүнүн курулуштары «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо» деп аталган мамлекеттик программанын алкагында пландаштырылган болчу. Акыркы мезгилде бүткүл дүйнөгө бүлүк салган коронавирус илдети өлкөбүздүн аймагына да жайылгандыктан, калктын саламаттыгын сактоо боюнча жалпысынан Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери күнү-түнү жарандардын коопсуздугу үчүн жардамга даяр жана бул илдеттин жайылып кетишине бөгөт коюу боюнча тынымсыз иш алып барышууда.

Айылдык милиция бөлүмчөлөрүнүн курулуш иштери 2020-жылдын 31-август -Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө аяктап ишке берилүүсү мерчемделген.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы