Испанияда коронавирус инфекциясынын кескин жогорулоосу катталды, акыркы сутка ичинде — 580 жаңы учур, күнүнө 390 жаңы вирус алып жүрүүчү табылды, деп билдирет Euronews.

Арагон жана Каталония инфекция очогу бойдон калууда.


Барселонада чектөө чаралары киргизилиши мүмкүн деген маалымат бар, бирок  расмий бийлик бул багытта качан жана кандай кадамдарды жасаары азырынча кабарланган жок.

Жалпысынан, азыркы учурда Ибер падышалыгында 306 миңдей адамга инфекция жуккан, COVID-19дан каза болгондордун саны 28,5 миң кишиге жакындап келатат.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Каталананын Ллеида шаарында карантин күчүндө экенин кабарлап, изоляция чаралары өткөн аптада Галициянын бир катар жерлеринде киргизилгенин маалымдады.

Францияда бийлик оюн өзгөртүп, бардык жабык мекемелерде маска кийүү милдеттүү болуп кала турганын жарыялады.

Эко-активисттер колдонулган маскалар үчүн атайын таштанды челектери болушу керектигин эскертет, ошондой эле, коргоочу шаймандарды жок кылуунун жолдору иштелип чыгышы керек, бирок азыркы учурда айрым жарандар аларды көчөгө ыргытып жиберишет же атүгүл сууга, дарыяларга жана Жер Ортолук деңизине ташташат.

Германияда федералдык штаттардын жана борбордук өкмөттүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жолугушууда протокол кабыл алынды, ага ылайык жергиликтүү бийлик өз алдынча өлкө ичинде кыймылга чектөө чараларын киргизе алат.