Бириккен Араб Эмираттары Марска “космостук зонд” жиберген биринчи араб мамлекети болду. «Аль-Амаль» («Үмүт») деп аталган аппарат Жапониянын Танегашима аралындагы космодромдон 20-июль, эртең менен ракета көтөрүлгөн. Бул тууралуу Deutsche Welle билдирди.
Башында учуу 14-июлга белгиленген, бирок аба-ырайы жагымсыз болгондуктан, ал эки жолу жылдырылган.

Дубайдагы Мухаммед бин Рашид космостук борборунда Колорадо университетинин Атмосфера жана космостук физика лабораториясы менен биргеликте жасалган “космостук зонд” жети айлык учуудан кийин, 2021-жылдын февраль айында Кызыл планетага конуусу күтүлүүдө.
БАЭнин Марс планетасындагы миссиясы  атмосфера, климаттык шарттарды жана өзгөрүлүп жаткан мезгилдерди изилдөө.

 Кеме үч камера менен жабдылган, алар Марстын атмосферасын көзгө көрүнгөн, инфракызыл жана ультрафиолет диапазондорунда байкап турушат.