2020-жылдын 19-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистан Республикасынын 1998-жылы туулган Ш.С. аттуу жараны арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя болгон дарекке дароо Аламүдүн районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан учурда урушка катышкандар окуя болгон жерден таркап кетишкен.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан чыр-чатакка катышуу тиешеси бар шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Аталган окуяны ИИМдин жетекчилиги катуу көзөмөлгө алып, тиешеси барлар мыйзам алдында жооп берет.