Коом

Бразилияда сутка ичинде 20,2 миң учур катталды

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча өткөн сутка ичинде Бразилияда жаңы түрдөгү коронавирус менен жабыркагандардын саны 20,2 миң учурду түзсө, 632 адам аталган илдеттен улам бул дүйнө менен кош айтышкан.

Инфекциянын таралышы менен байланышкан мезгил аралыгында бардыгы болуп Бразилияда 2 118 646 учур катталып, каза болгондордун саны 80 120 пациентти түзгөн.

Белгилей кетсек, Бразилия коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнө жүзүндө экинчи орунду ээлейт. Буга чейин ДССУнун Саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору Майкл Райан Бразилия COVID-19 илдетинин туу чокусуна жеткендигин жар салган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button