Өлкө Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча соңку сутка ичинде Бразилияда жаңы түрдөгү коронавирустан жабыркагандардын саны 41 миңден ашты.

Ошентип, бразилиялык Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча акыркы 24 саат ичинде өлкөдө COVID-19 менен байланышкан 41 008 жаңы учур катталса, аталган илдеттин кесепетинен каза болгондордун саны 1367 адамды түзгөн.

Инфекциянын таралуу учурунда Бразилияда бардыгы болуп 2 159 654 учур катталган. Бардыгы болуп 81 487 пациент бул дүйнө менен кош айтышкан. Белгилей кетчү нерсе, коронавирус менен жабыркагандардын саны боюнча Бразилия дүйнө жүзүндө экинчи орунду ээлейт.