Вице-премьер-министри Аида Исмаилова волонтердук кыймылдын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Жолугушуунун катышуучулары мамлекеттик органдар тарабынан көмөк көрсөтүүнү талап кылган көйгөйлөр тууралуу, аймактардагы волонтерлордун ишин координациялоо зарылдыгы, call-борборго техникалык колдоо көрсөтүү, бизнес-коомчулук менен рентгенологиялык диагностика тейлөөлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн талкуулоо, алыскы райондорду дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, калкты эпидемияга каршы чараларды сактоо зарылдыгы тууралуу кеңири маалымдоо тууралуу айтышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана волонтердук уюмдардын COVID-19 каршы күрөштө мындан ары карай биргелешип иш алып баруу чечими кабыл алынды.