Саламаттыкты сактоо мекемесинин ачылышына Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов катышып, айылдыктарды бул жакшы саамалык менен куттуктады. Бул тууралуу, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Өкүл, бүгүнкү кырдаалда саламаттыкты сактоо мекемесинин ишке берилиши, кооптуу илдет менен күрөшүүдө зор өбөлгө болоорун айтып, өзгөчө пандемиянын шартында дарыгерлердин жетиштүү шартта иштөөсү жана элге медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи.

Курулуш “Ассафа-Борбору” кайрымдуулук фонду тарабынан колдоого алынган.

Заман талабына жараша бардык шарты бар имарат курулуп, айылдыктардын негизги муктаждыгы чечилди.

Аталган айылдын атуулу демөөрчүлүк кылып, ФАП кычкылтек концентратору менен да камсыз болду.

Район борборунан 14 чакырым алыста жайгашкан бул мекеме 4000ге жакын калкты тейлейт.

ФАПтын курулушуна жергиликтүү бюджетттен да 350миң сомдук каражат жумшалды.

Белгилей кетсек буга чейин айылга ФАП куруу зарылчылыгы боюнча жергиликтүү эл, Алишер Абдрахмановго кайрылып, ыйгарым укуктуу өкүл инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аз убактын ичинде курулуш ишке ашкан.



https://scontent.ffru5-1.fna.fbcdn.net/v/t1.0-9/115774663_962594157487946_8743892299250439300_o.jpg?_nc_cat=104&_nc_sid=730e14&_nc_ohc=tpZ-Xv4gtKIAX-jcgFP&_nc_ht=scontent.ffru5-1.fna&oh=a9a2acc735227aa8f3eb03f9beb3b04b&oe=5F3F12C3