Турмушта жетим балдардын аянычтуу көзкарашынан өткөн жүрөк сыздатар көрүнүш жок. Балким, мен үчүн ошондойдур… Ата-энелүү балдар эч нерседен капары жок ойноп атса, атасыз балдар саамга умсунуу, улутунуу менен карап турат… Балким, кошуна балдардыкындай элесепети, оюнчугу жоктугунабы, же акыретке кеткен атасына, апасына болгон кусалыгыбы, айтор, эң муңдуу көзкараш ошолордуку… Ошондуктан, бирөө жардам кылам десе, жесир эжелерге биринчи жардам берүүгө умтулам. Дароо алардын дарегин таап жардам бергенге, же бердиргенге аракет кылам. Өзүм да колуман келген жардамымды берем…

Эң чоң тилектеримдин бири жетим балдар үчүн чоң фонд ачуу…Өткөндө Роза Отунбаева эжебиз 155000 сом жардам кылганда жарымын жетим балдарга берейин дедим. Бирок ал учурда адамдардын өмүрү үчүн ар саат сайын күрөш жүрүп атканда, Ынтымактагы стационарга которуңуз дедим.Анан эле биртоп убакыт өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева эжебиз чалып, 200 000 сом берейин, өзүң каалагандай муктаждарга бер, медиктерге керектүүсүн алып бер деди. Акча түшөрү менен Ак Ордодогу 96-мектепте ачылган мамлекеттик стационарга барсам, бардыгы белендигин, эч кандай деле жардам керек эместигин айтышты. Андан соң, фейсбукка күйөөсү каза болгон, квартирада, оор шартта жашаган эжелерге, карындаштарга жардам берилерин жаздым. 10-12 кишиге деп жазгам. 3 күн телефонум тынган жок… Жардам сурагандардын акыбалын уксаң ыйлагың келет. Баарына жардам берейин дейсиң, бирок акча жетпейт.

Аялы менен ажырашып, балдарына карабаган күкүк аталар да көп экен. Көпчүлүгү квартирада, ооруп атканы, жумушсуз калганы аябай көп. Жүрөк чыдабаган көрүнүш. Ошентип, 35 аялзатына жардам берилди. 23 эжеге 5000 сомдон, 9 эжеге 4000, анан 3 эжеге 3000 сомдон жардам берилди. Алыскы Атбашы, Баткен, Жумгал жакынкы Кемин, Кант, Токмокко чейин. Бирок, көпчүлүгү Бишкектин айланасында квартирада жашагандар.Ашкан акчага Болот Абдыжапаров инибиз ачкан Ак-Өргөөдөгү стационарга медиктер үчүн 10 коргоочу кийим, (7500), 6 ФФП3 респиратору жана медперсоналдын айлыгына 15000 сом жардам кылынды.

Жалпы сумма: 24600 сом.Нурсултан Кубанов инибиз ачкан 95-мектептеги стационарга;6 коргоочу көзайнек 1740 сом,16 коргоочу кийим 12000 сом, 8 КН95 респиратору 760 сом, жалпы 14500 сомго жардам берилди. Келинчегим экөөбүз 2 ФФП3 респираторун алдык. Ошентип, 200 000 сомдун 1 сомуна да тийбей бардыгын даректүү короттук. Жардам кылынган 35 эженин документтери, паспорттору ватсап аркылуу алдым, ар биринин канча сом жардам алганын жазган жооптору менен.Себеби, бул аманат акча. Анын ар сомуна жоопкербиз. Ал эми, 35 эжеге 5000, 4000, 3000 сомдон жардам берген Динара Исаева эжебизге чоң рахмат. Аллах ыраазы болсун эжеден.

Семетей Талас уулу