Баткен облусу 2020-жылдын жарым жылын жыйынтыктаган облустук коллегиясын, бул ирет пандемияга байланыштуу онлайн режиминде өткөрдү. Бул тууралуу, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов баштаган коллегия мүчөлөрү, район, шаар активдери менен онлайн байланышта, алты айдын жыйынтыгын талкуулашты. Коллегияда негизги үч маселе каралды. Алар облустун социалдык экономикалык абалы, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу,күз кыш мезгилдерине даярдык көрүү. Коллегия мүчөлөрү бул маселелер боюнча ар бир район шаардагы абал боюнча маалыматтарды угуп, жетекчилерге тийиштүү тапшырмалар берилди. Белгилей кетсек алты айдын жыйынтыгы менен облуста жаңы түзүлгөн жумушчу орундардын саны 2081 түздү. Түзүлгөн жумушчу орундарын тармактар боюнча алып караганда, айыл чарбасында 185 жумушчу орун, ишканалардын өздүк каражаттарынын эсебинен 331 жумушчу орун, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүдө 351 жумушчу орун, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 48 жумушчу орун, чет элдик каражаттар эсебинен 16, жеке ишкерлердин каражаттар эсебинен 365 жумушчу орундар түзүлдү.Ал эми пандемияын шартында, жарым жылдын жыйынтыгы менен айыл чарба тармагында планды былтыркы жылга салыштырмалуу көп аткарылды. Быйылкы жылдын түшүмү үчүн жалпы дан эгиндеринин аянты 39484 гектарды түздү. Жалпы айдоо жер 2019-жылга салыштырмалуу 4662 гектарга көп себилди.Ал эми бүгүнкү күндө орун жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Кылкандуу дан эгиндерин жыйноо үчүн жалпы 25778 га аянт жыйноо керек болсо, өткөн жылга салыштырмалуу 1115 га көп жыйналуусу күтүлүүдө. Ал эми бүгүнкү күнгө 8387 га кылкандууу дан эгиндери жыйналып же 32,5% түздү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 637 га көр жыйналды.Буудай 3772 га жыйналды, арпа 4615 га жыйналып, гектарына орточо 22 центнерден түшүм алынууда.Картошка 829 га, жашылча 1078 га, мөмө-жемиш 6525 га жыйналды.