Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматынан кеткени тууралуу маалымат жок. Бул маалыматты АКИpress агенттигине бүгүн, 27-июлда Ден соолукту чыңдоо жана коммуникация боюнча республикалык борбор билдирди.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында министр кызматын тапшырганы тууралуу маалыматтар тараган. Расмий маалымат боюнча, ал азыр дарыланып жатат.

Министрлик 10-июлда С.Абдикаримовдон пневмония аныкталганын, кийинчерээк Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатканын билдирген.