Бул тууралуу Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Ырыспек Жолдошбаев билдирди.

“27-июлга карата “Семетей” госпиталында бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук бар болсо, анын ичинен 109да бейтаптар дарыланып жатат, калган 491 орундук бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 24 оор абалдагы бейтап бар, калган 26 орундук бош. Жалпысынан 517 орундук бош”-, деди ал.    

«Семетей» госпитализация пунктундагы иш-чараларды уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүү аракеттери Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө.