Адатта, курман айтта, амалдардын эң биричиси, күн найза бою көтөрүлгөндөн кийин айт намазын окуу жана элге кайрылып диний насааттарын айтуу (хутба окуу), курмандык чалуунун жол жобосун үйрөтүү, андан соң курмандык чалуу менен башталат. Алланын элчиси, ага Алланын саламы жана салаваты болсун: “Бул күндүн эң биринчи амалы айт намазын окуу, андан соң курмандык чалуу”— деген.

Эгерде кимдир бирөө айт намазы окулганга чейин курмандыгын чалып койгон болсо, ал курмандыкка өтпөй калат. Буга далил:

ولحديث جندب بن عبدالله البجلي في البخاري ومسلم أن النبي صلى الله عليه وسلم قال: من ذبح قبل أن يصلي فليعد مكانها أخرى، ومن لم يذبح فليذبح

Жундаб ибн Абдулладан риваят: “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Ким намаз окулганга чейин (курмандыгын) чалып койгон болсо, ордуна башкасын кайрадан чалсын. Ал эми ким (намаз окулганга чейин) чала элек болсо (намаздан соң) чала берсин”, деп айтты”. Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты.

Бирок бул күндөрү жугуштуу COVID-19 тумоосунун тарап кетүү коркунучу жоюла элек болгондуктан, коопсуздук үчүн Курман айт намазы окулбайт деген чечим кабыл алынды. Мындай учурда курмандык союу важиб болгон мусулман бир туугандарыбыз курмандыгын кантип чалат? “Раддул мухтар” китебинде бул жөнүндө:

وَفِي الْوَاقِعَاتِ لَوْ أَنَّ بَلْدَةً وَقَعَتْ فِيهَا فَتْرَةٌ وَلَمْ يَبْقَ فِيهَا وَالٍ لِيُصَلِّيَ بِهِمْ صَلَاةَ الْعِيدِ فَضَحَّوْا بَعْدَ طُلُوعِ الْفَجْرِ جَازَ وَهُوَ الْمُخْتَارُ؛ لِأَنَّ الْبَلْدَةَ صَارَتْ فِي حَقِّ هَذَا الْحُكْمِ كَالسَّوَادِ، كَذَا فِي الْفَتَاوَى الْكُبْرَى وَعَلَيْهِ الْفَتْوَى، كَذَا فِي السِّرَاجِيَّةِ   

 «Вокиат китебинде»: «Эгерде шаарда өзгөчө кырдаал же абал болуп, айт намазын окуп берүүгө бир дагы (вали) жоопкер адам жок болсо, адамдар таң аткандан кийин курмандык чалышса уруксат болот. Мына ушул тандалып алынган сөз. Анткени шаар мындай учурда курмандык чалуу убактысы боюнча талаа жана айыл-кыштак өкүмүнө айланат. «Фатава кубро» китебинде да дал ушундай айтылган. Ошондой эле ушул сөзгө фатва берилген. «Сирожия» китебинде да ушундай келген».

إذا وجد ما يمنع صلاة العيد من برد أو فيضان أو ثلج كثيف فإنه يضحى بعد مضي وقت كاف لأداء الصلاة

“Эгерде суук, суу ташкыны жана калың кар сыяктуу табият кырсыктары айт намазы окулуусуна тоскоолдук пайда кылса, анда күн чыгып найза бою көтөрүлгөндөн соң айт намазы хутбасы менен кошо окулуп бүткүдөй убакыт өткөндөн кийин курмандык чалына берет” —  “Ал-Муфассал фил фикхил ханафий”, Мухаммад Мажид Итр.

ولو وقعت فتنة في مصر ولم يكن لها إمام من قبل السلطان يصلي بهم صلاة العيد فالقياس في ذلك أن يكون وقت النحر في في ذلك المصر بعد طلوع الفجر يوم النحر بمنزلة القرى التي لا يصلى فيها ولكن يستحسن أن يكون وقت نحرهم بعد زوال الشمس من يوم النحر… إلخ (بدائع الصنائع ٥/٧٤ ط: سعيد).

Эгер шаарда бир фитна (аскердик абал, табигый кырсыктар-пандемия ж.б.) пайда болсо, султан (жетекчилик) тарабынан адамдарга айт намазын окуп берүүчү жооптуу имам болбосо, анда ал шаар курмандык чалууда айт намаз окулбаган айыл-кыштактын өкүмүндө болуп калат да, таң жүргөндөн баштап курмандыктарын чалса болот. Ошентсе да мындай абалда айт күнү түш оогондон кийин курмандыгын чалуу жакшыраак. (Бадаайи санаайи) 

 КОРУТУНДУ: Мына ушул фатва китептеринде айтылган маселелерге таянып, жогорудагы китептерде айтылган абалдар биздин учурдагы эпидемиялык абалыбызга окшоштугу болгондуктан өлкө боюнча эртең менен күн чыккандан соң саат 07:30 дан кийин курмандыкты союга уруксат берилет.

Эскертүү: Курмандыкты чалуу убактысы 2020-жылы 31-июль, 1-август жана 2- август күнү дигер намазына чейин чалууга болот. Каалоочулар ушул көрсөтүлгөн даталардын каалаган мезгилинде чалса болот.

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши