АКШ президенти Дональд Трамп журналисттер менен болгон пресс-конференцияда коронавируска каршы америкалык вакцинанын башка өлкөлөргө экспорттолушу толук мүмкүн экендигин жар салды.
«Балким, биз өпкөнү жасалма жол аркылуу желдетүүчү аппараттарды берген сыяктуу эле дүйнө жүзүндөгү башка өлкөлөрдү көп өлчөмдөгү вакцина менен жабдыйбыз», -деген Трамп.

АКШда буга чейин коронавируска каршы вакцинаны массалык тестирлөө иштери башталган. Ал эми америкалык Moderna аттуу биотехнологиялык компания препаратты клиникалык жактан сыноонун үчүнчү фазасына киришкендиги тууралуу билдирүү жасаган.

Белгилей кетсек, аталган вакцинаны ойлоп табуу үчүн АКШ дээрлик жарым миллиард доллар өлчөмүндөгү сумма бөлгөн жана биринчилерден болуп препаратты адамдарга карата тестирлөөдөн өткөрө баштаган.