Коом

Видео — Коррупционер жетекчиликке келе жатат. Токой чарбасындагы чыр

Ысык-Көл токой чарбасынын эмгек жамааты иш таштоо алдында турат. Токойчулар мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.

Нааразычылыкты 2013-2015 жылдары, аталган токой чарбасында жетекчи болуп иштеген Таалайбек Соодокеевдин кайрадан кызматка дайындалуусу жаратууда. Анткени ал иштеген 3 жылда, Таалайбек мырзага 6 факт боюнча кылмыш иши козголуп, казнага 3 млн сомдон ашык чыгым келтирилген.

Факт № 1 – Мыйзамсыз иш кагаздарын жазып, чарба малын жеке менчикке чыгарып берген.

Факт №2 – Чарбанын 25 бодо малын жеке кызыкчылыгына колдонуп, кылмыш иши козголуп, далилденген.

Факт №3 – Көзү өтуп кеткен кызматкерлерге аттарды жазып чарбага 350 миң сом чыгаша алып келгени далилденген.

Факт №4 – Кызыл китепке кирген “Тянь-Шань” карагайынын 208 түбүн,  20 миң кайың кыйдырып сатып жиберген.

Факт №5 – Таалайбек Соодокеев иштеген мезгилде, эсеп палатасы текшерип, 2 млн 340 миң сом чарба казнасынан кем болуп чыккан. Кылмыш иши козголуп, сот өкүмү чыккан.

Факт №6 – Ушул күнгө чейин сот өкүмдөрүн аткарбай, кайрадан кызматка отуруу аракетин көрүп келет.

Эмгек жамаат, коопсуздук кеңешке, кат жолдогондон кийин, карантинге карабастан Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин жетекчилине келишкен. Агенттиктин жетекчиси  Мирслав Аманкулов маселени тез арада чечип берүүнү убада кылган.

Бирок, тилекке каршы, убада убада боюнча калып, кайрадан эле Таалайбек Соодокеев келгени турат. Кылмышкер менен иштешпейбиз деген токойчулар коомго кайрылууга мажбур.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button