2020-жылдын 20-июль күнү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Кулатов көчөсүндө өзүнүн «Деу-Дайхатсу» үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз атуулдар тарабынан уурдалып кеткендиги боюнча Кызыл-Кыя ШИИБне арыз менен кайрылат.

Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өдүрүш иши башталган. Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында уурдалган автоунаа Кадамжай районунун Алга айылындагы көчөлөрүнүн боюнда алды тарабы сүзүлгөн абалда табылган.

Ошондой эле кылмыш жасап, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Ош шаарында качып, жашырынып жүргөн жеринен Баткен шаарынын 16жаштагы А.М. аттуу тургуну аныкталып кармалып келинип, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө ушул эле жаран 21-июль күнү Кадамжай районунун Халмион айылындагы «Баяман баатыр» базарындагы К.Жга таандык «Мерседец-Бенц спринтер» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен сумканы уурдап кеткендиги, ошондой эле сумканын ичинде 195000сом жана автоунаанын керектүү документтери болгондугу аныкталат. Кылмышка шектүүнү Ош шаарынан аныктап кармашканда жанынан уурдалган сумка жана автоунаанын документтери далил буюм катары алынат.

Азыркы учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы