Америкалык окумуштуулар мындан 13 миң жыл илгери болуп өткөн жана анын натыйжасында жер жүзүндөгү мамонттор кырылып жок болгон акыркы муз каптоолор метеориттин келип түшүүсү менен эмес, жүздөгөн вулкандык атылуулар менен байланыштуу болгондугун жар салышты.

Болжол менен мындан 12 800 жыл илгери жердеги климат кескин өзгөрүп, кийинчерээк дриас деп аталган муз фазасына кайткан. Бул жердин Түндүк жарым шаарын байырлап келе жаткан мамонттор менен катар эле башка ири жан-жаныбарлардын кырылып жок болуусуна алып келген.

Хьюстон, Бэйлор университетинин окумуштууларынын пикири боюнча бир жылдан беш жылга чейин созулган массалык түрдөгү вулкандык атылуулардан натыйжасында аба ырайы кескин муздап, жер бетин муз каптаган.