Коом
Microsoft корпорациясы TikTok тиркемесин сатып алат
New York Times басылмасынын билдирүүсү боюнча америкалык Microsoft корпорациясы кытайлык ByteDance компаниясы менен TikTok тиркемесин сатып алуу боюнча өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бирок, канча суммага бааланып жаткандыгы жана сүйлөшүүлөр кайсы баскычка келгендиги тууралуу айтыла элек.
Белгилей кетсек, кэчээ АКШ президенти Дональд Трамп: «Кытай чалгындоосу үчүн колдонуучулардын маалыматтардын жыйнап жөнөтүп турган» деген кине менен кечээ аталган тиркемени жабуу тууралуу ойлонуп жаткандыгын айткан.
TikTok – кыска видеолорду тартуу жана алар менен алмашуу боюнча тиркеме. Ал дүйнө жүзүнүн 155 өлкөсүндө жалпы жолунан 75 тилде иш алып барат жана дүйнөлүк аудиториясынын саны болжол менен 500 миллион.