Коом

Чечен Республикасы Кыргызстанга жардам жөнөттү

 Чечен Республикасы Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 51 млн 41 миң 917 рублга бааланган жүктү жардамга жөнөттү. Бул Кыргызстан менен Россия тараптын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашты, деп маалымдайт республикалык ыкчам штаб.

Жардам Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттик чек арасындагы «Ак Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктуна жеткирилди. Тиешелүү иштер аткарылгандан кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлөт.

Гуманитардык жардам катары Россиянын «Фармстандарт» компаниясы Саламаттыкты сактоо министрлигине 24 миң 100 даана коргоочу комбинезон, 24 миң 729 даана атайын бет кап, 5248 даана коргоочу көз айнек жана башка буюмдарды берген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button