Велосипедчен жигитти унаасы менен сүзүп алган Талас облусунун жетекчисинин кеңешчиси Марслатбек Шералиев эки айга камакка алынды. Маалыматты облустук админстрациядан тастыкташты.

Белгилей кетсек, кырсык 30-июлда болгон. Кеңешчинин унаасы жол боюнда велосипед тээп бараткан 26 жаштагы жигитти сүзгөн. Жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканада каза болгон.

Марслатбек Шералиев УКМКнын запастагы подполковниги. Ал 2017-жылы өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин кеңешчиси болуп дайындалган.