Forbes журналы 2020-жылга карата эң жогорку кирешеге ээ россиялык шоу-бизнес жылдыздарынын рейтингин түздү. Ага ылайык ырчы жана RTVI телеканалынын башкы продюссери Сергей Шнуров 8,8 миллион доллар кирешеси менен тизменин сап башынан орун алган.

Андан кийинки орунду Егор Крид жана Дима Билан багындырган. Басылманын берген баасы боюнча булардын кирешеси болжол менен 6,9 миллион доллардын тегерегинде. Төртүнчү орун рэп-аткаруучу Бастага (өз аты Василий Вакуленко), бешинчи орун 6,6 миллион доллар өлчөмүндөгү кирешелүү Филипп Киркоровго, ал эми алтынча орун Полина Гагаринага таандык.

Соңку жылдары жалпы музыка угуучулардын сүймөнчүлүгүнө айланган Григорий Лепс менен Тиматинин кирешелери 5,3 миллион. Ошентип, биринчи ондукту телеалпаруучу Иван Ургант жыйыктыктайт жана анын кирешеси 5,1 миллион доллар.