Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова жана «Дан агро азыктары» ЖЧКнын жетекчиси, ишкер Уран Ниязалиев Чүй районундагы Чүй аймактык ооруканага, Токмок аймактык ооруканага, райондогу айрым күндүзгү стационарларга жардам иретинде Түркиядан алынып келинген 20 даана кислороддук концентраторлор менен камсыздашты.

Эл өкүлү жеринде оорукананын абалы менен таанышып, дарыгерлер менен жолугушуп, суроо-талаптарын угушту. Алардын көйгөйлөрү менен таанышкан соң айтылган маселени чечүүгө болгон аракетин жумшаарын билдирди.

Ал эми дарыгерлер оору күч алып жаткан чакта мындай медициналык жабдуулар абдан зарыл экенин баса белгилеп, Айнура Аскаровага жана ишкер Уран Ниязаиевге ыраазычылыгын билдирди.