Коомдук ишмер, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев, Фейсбуктагы баракчасына — “Бизде бир дагы маңыздуу, келечектүү, максаттуу, түпкүлүктүү саясий партия жок экен”-деген пост жазды. Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз.

“Бизде бир дагы маңыздуу, келечектүү, максаттуу, түпкүлүктүү саясий партия жок экен. Ошол үчүн партиялык тизме деген түшүнүк бул жөн эле алдоо! Бул  » жабык акционердик коом», партия эмес! Партиялык тизме бул көз боемочулук, бул партиянын атын жана затын жамынып алып, бийликке ар кандай саясий ЭМЕС топтордун келишин шарттаган шайлоо системасынын курмандыгы болуп жаткан жокпузбу? Партиялык тизме саясий партияларды түптөөгө шарт түзөт деген негизги жүйөө ишке ашпай жатпайбы?

Бала кезде мушташуунун 2 түрү бар эле. Бирге- бир ( один на один). Анан » топко-топ» ( шобла на шоблу)

Ошол шобла на шоблу эле болуп аткан жокпу бизде?

Улам бир партияга бириге коюшуп, кайра чачырап, бири бирине нааразы болуп, кайра үчүнчү партияга секирип жаткан процесстерди көрүп жатып ошондой ойго келдим да… Кечирип койгула: ПАРТИЯнын бул иштерге кандай тиешеси бар? Себеби, шайлоого партия эмес, ШОБЛА лар бара жаткан жокпу?”-деп жазды коомдук ишмер.