Америкалык окумуштуулар «сүйүү болгону үч гана жылга чыдайт» деген популярдуу имиш-имишттерди четке кагышып, сүйүү түбөлүк жашай тургандыгын аныктап чыгышкан.

Калифорния университетинин изилдөөчүлөрү үй-бүлөлүк психология боюнча 25 илимий эмгекти иликтеп чыгышып, эки адамдын ортосундагы бири-бирине болгон жылуу сезимдер бара-бара чыныгы махабатка айланып, адамды өмүр өткүчө коштоосу мүмкүн экендигине ынанышкан.

Ошентип, окумуштуулардын айтуусу боюнча романтикалуу, бири-бирине ишенген жана бири-бирин кадырлаган жуптардын ортосундагы сүйүү өмүр өткүчөктү сакталат. Ошол эле учурда кызуу эмоциялар, тилекке каршы мындай мамилелердин муздашына алып келет.