Үй-бүлөлүк бакыт — ар бирибиздин кыялыбыздагы нерсе. Жадакалса үй-бүлө кура электер дагы бул тууралуу ойлонбой коюшпайт. Сүйүктүү жолдошуна бакыт тартуулоо үчүн аялзаты эмне кылышы керек? Көпчүлүгүбүз бизди бактылуу кыла турган адам тууралуу кыялданабыз. Ал бакытка жетүү негизинен аялзатынын колунда экенин аңдай бербейбиз. Эгерде төмөнкү кеңештерге көңүл буруп, алардын ар бирин жашооңузда колдонсоңуз, чыныгы бактылуу боло аларыңызга кепилдик бар.

1. Өзүңүздүн аял экениңизди эсиңизден чыгарбаңыз. Бир аз алсызыраак болсоңуз, бул сизге пайда гана алып келет. Социологдор тастыктагандай, көп никелер үй-бүлөдөгү бийликти талашуунун айынан бузулат. Жолдошуңуз үйдө өзүн күчтүү сезсин. Кантсе да ал кичинекей мамлекеттин кожоюну эмеспи. Андыктан жолдошуңуз менен тең тайлашпай, кичине болсо да ийкемдүү болуп коюңуз.

2. Жолдошуңуздун жаман сапаттарын издебестен, жалаң гана жакшы жактарын издеңиз. Ал эми кемчиликтери тууралуу унутуп коюңуз. Мүмкүн болбогон нерсени өзгөртүүгө аракет кылуунун кереги
жок.

3. Жөнөкөй болуңуз. Эгерде мүмкүнчүлүгү жок болсо, кымбат баалуу белектерди андан талап кылбаңыз. Аны кемсинтип айланасындагы бай адамдар менен салыштыруунун кереги жок. Андан көрө акчасын сактоого, үнөмдөөгө жардам бериңиз.

4. Сүйүктүү адамыңызга ар убак ыраазы болуңуз. Ошондо ал сизге дагы-дагы жагымдуулуктарды тартуулаганга аракет кылат. Анан да мактаганды унутпаңыз, ал анчалык деле кыйын эмес да. Эркектер аялынан мактоо укканды жакшы көрүшөт.

5. Жолдошуңуз үчүн кызыктуу болуңуз. Сүйлөшүү үчүн жалпы тема таап, аны эмне кызыктырарын билип алыңыз. Жалпы кызыкчылыктар түгөйлөрдү жакындаштырат, андыктан үйлөнбөй туруп бири биринин билим деңгээлдерин билип алгандары жакшы.

6. Ар убак күлүп, жылмайып жүрүңүз. Жылмаюу – адамдын сулуулугуна сулуулук кошот. Ал эми ар бир эркек жанындагы аялынын сулуу болушун каалайт.

7. Жолдошуңуздун кылган ишинен кыйкым таба бербеңиз. Оор басырыктуу болуп, аныкы туура эмес болуп жаткан күндө да уруштун отун тутантпаңыз. Андан көрө талаш-тартышты токтотуп, экөөңүздөр тең тынчтангандан кийин ортодогу маселени жай олтуруп чечип алыңыздар. Кыйкырып-бакыргандан эч кандай майнап чыкпайт.