Президент Сооронбай Жээнбеков «2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган КР Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу,  президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой,  мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Кол коюлган макулдашууларга ылайык, Германия өкмөтү эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташуу үчүн 2019-2020-жылдар мезгилинде КР өкмөтүнө 41,8 млн евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды берүүгө милдеттенди. Бул суммадан 21,8 млн. евро техникалык кызматташуу долбоорлоруна, ал эми 20 млн. евро финансылык кызматташуу алкагында берилүүдө.

Бул суммадан 21,8 млн. евро төмөнкүдөй техникалык кызматташтык долбоорлоруна берилет: «Перинаталдык саламаттык сактоого көмөк көрсөтүү» (4 млн. евро); «Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» (6 млн. евро); «Кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» (5 млн. евро); «Биологиялык ар түрдүүлүк» жана жаңгак токойлору менен жайыттарды муниципалдык колдонуу жолу менен жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу (2,9 млн.евро); «Изилдөөлөр жана адистер фондун түзүү» (2,5 млн. евро); «Кыргызстанда сапат үчүн мааниси бар кызматтарды пайдаланууга көмөк көрсөтүү» (1,4 млн. евро).

20 млн евро финансылык каржылоо алкагында төмөнкүдөй долбоорлорду ишке ашырууга берилет: «Нарк жаратуу тизмеги» финансылык секторунун программасы» (9 млн. евро); «Нарк жаратуу тизмеги» финансылык секторунун программасы» — коштоочу чаралар» (1 млн. евро); «Саламаттык сактоо боюнча сектордук долбоор» (10 млн. евро).

 Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.