Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс адамзатты коронавирус пандемиясынан да коркунучтуу алаамат күтүп турганын айтып чыкты.

Бул тураалуу оруссиялык маалымат булактары  жазды.

Миллиардердин айтымында, Жер планетасында климаттын өзгөрүшү жашоочуларды кыйынчылыкка кептейт.

«Дүйнөдө көмүртектин абада тарашына байланышкан көйгөйдү чечпесек, мезгили менен пандемиянын айынан эл кырылып, экономика кыйрай берет«, — деп жазган Гейтс.

Ал белгилегендей, климаттын өзгөрүшү коронавирус инфекциясынан дагы көп өлүмгө алып келет.

«Өткөн жумада алынган маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча COVID-19дан 600 миңден ашуун адам көз жумган. Бул бир жыл ичинде 100 миң кишиге 14 өлүмдүн көрсөткүчү туура келип жатканын билдирет. Кийинки 40 жылдын ичинде температуранын көтөрүлүшү менен өлүмдүн статистикасы ушундай болуп калары болжолдонуп жатат», — деген ал.

Эгерде зыяндуу заттардын бөлүнүшү ондогон жылдарга дейре созулса 100 миң кишиге дагы кошумча 73 өлүм туура келип калат. Мындайча айтканда, 2060-жылы айлана-чөйрөнүн таза эместигинен адамдар вирус жуктургандай эле каза табат. Ал эми жүз жылдыктын аягында каза болгондор беш эсе өсөт.

Ошондой эле,  Билл Гейтс экономикага чоң зыян келерин айтып, андай кесепеттерге жол бербөө үчүн климатты жакшыртуу иштерин колго алууга чакырган.