Кой-Таш окуясына туура бир жыл болду. Ортодо ал боюнча далай соттук отурумдар болду. Далай окуялар дагы болду. Кыргызда «Өзүңдүн башыңдагы төөнү көрбөй, өзгөнүн башындагы чөптү көрөсүң» деген сөз бар. Бир кезде бийликте турганда «эл бузарлар» деп оппозициядагыларды айтып жүргөн Атамбаев азыр түрмөдө. Ошол түрмөдө да жөн отурбай азыр өзү «эл бузарга» айланып, азыркы бийликке каршы ар кимди айдактап, ал тургай өзү дагы акылга сыйбай турган ырларды жазып, жарыялап жатат. Эми ал ырларынын деңгээлин атактуу акындар айтаар.

Атамбаевдин аракети адатынча өлкөдө баш-аламандыкты жаратып, камактан чыгуу. Эч кандай илинчек таппай, элге жамынып, эмне гана аракеттерди ойлоп тапканы жок. Айтмакчы, айласы куруп турганда коронавирус чыга калып, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагынбаев «менде коронавирустун белгилери бар» деп, аны Атамбаевге маалымат катчы болуп келген  айым аны кооздоп, көбүртүп-жабыртып, коомчулукка таратып дүрбөттү эле, кийин Сагынбаев кожоюну АША сыяктуу догурунганды жакшы билери ачыкка чыгып, анын таза экени далилденди. Тагыраагы, 11-майда ооруп жаткандыгын айтып, 12-майда эле алардан анализ алынган жана АШАнын тарапташтары Сапар Исаков, Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Фархад Баабиев, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагынбаевден анализ алынган жана жыйынтыгында бары таза чыккан.

Догурунчаак демекчи, эч нерседен коркпойм деп президент кезинде төш кагып келген Алмазбек Шаршенович камакта жатып сот процессине баруудан баш тартып, СИЗОдо жаткан жеринен чыкпай койгону дагы кызык. Убагында кабылан болуп жургон АШАнын коркуп, сурак берүүдөн качкандыгы анын жүрөксүз, үйдө баатыр, жоодо жок экендигин көрсөттү. Көрсө, карапайым элдин аркасына жашынып алып эле кыйын болуп кыйкырып келген тура. Анан өзү айткан куралына таянгандай. Мага келгендерди атам деп атып, бир жоокерди атып салды. Бир жыл ичинде анын үй-бүлөсү эмне деген күндөрдү баштан өткөрдү. Бул АШАнын колунан мерт кеткен жоокерге эстелик орнотулгандыгын дагы айта кетели. Ансыз болбойт эле. Анткени, АШАнын ким экени билинди. Ошол коомго коркунуч жараткан адамды кармоодо бул жоокер өмүрүн берди.

Эми АША аралашкан иштер тууралуу азыноолак, үстүртөдөн кеп кылалы. Бул иштер жөнүндө далай айтылды, далай жазылды. Ошентсе дагы эске салып койсок. Былтыр ноябрь айында Стамбулда өлтүрүлгөн бизнесмен Саймаитинин өлүмүнө АШАнын да катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат тарады. Азаттык, OCCRP, Клооп биргелешкен журналисттик изилдөөдө коррупциялык  иштер менен байланышы бар Хабибулла Абдукадыр туууралуу айтылып, анда Саймаитинин Абдукадыр тууралуу айткандары да берилген. Маркум Саймаитинин айтуусунда, ал Абдукадыр менен узак убакыт бирге иштешип, өз каналдары аркылуу четке акча чыгарып кетип турушканы айтылган. АШАнын акча берген досторунун бири ушул киши болушу мүмкүн деген ыктымалдыктар жаралып, жарылдап кыйкырып жаткан АШАчылардын оозу жабылган. Дагы бир баса белгилеп кое турган жагдай, Азаттыктын Саймаити боюнча иликтөөсүн АШАчылар бийликке каршы пайдаланууну да көздөштү. Кийин Пархати аттуу Атамбаевдин бизнес-өнөктөшү Саймаити менен да тыгыз кызматташып келгени айтылгандан кийин бардыгы талкан сугунуп алгандай дым болушту. Кызыгы Саймаитинин өлүмү тууралуу АШАнын пресс катчысы эч нерсе боло электе эле «Айэркен Сайсаитинин өлүмүн акчага иштеген троллдор Атамбаевге жармаштырууда» деп шекшинип жазымыш этип, актанып чыгып, ары жактагы секреттерин ачып алышкандыгы дагы коомчулукка маалым. Ошондой эле аттуу-баштуу адамдар дагы Саймаити менен Сопоков Атамбаевге байланышы бар адамдар экендигин айтып чыкканы бар. Коомчулукта дагы Атамбаевдин бизнеси Түркияда деген маалыматтар айтылып келгендигине таянсак, бул байланышуулар чын экендей. Болбосо, Атамбаев кантип байыган? Ал өзү Салымбековдон мурда эле мультимиллонер экенин айткан жайы бар. Бирок, ага ишениш кыйын экенин, ал кийин гана байыгандыгын өзүнүн тегерегинде жүргөндөр айтып келишкен. Соттун жүрүшүндө АШАнын канча байлыгы бар экени коомчулукка ачыкталды. Ошондой эле, ал саналган мүлктөрдүн көбү 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин сатылып алынгандыгы дагы такталган.

Эмилбек Каптагаев айткандай, Атамбаевдин күнөөсү Акаев менен Бакиевдикинен ашса ашты, кемиген жок. Таза иштедим деп ар качан элди ишендирип келген Алмазбек Шаршеновичтин сөзү кийин анын «Мен жооп берем, баары менин тапшырмам менен жасалган» деген сөзүнөн кийин таптакыр жок болуп калды. Тергөөгө барбай, «атып салам деп коркутуп», адилеттик үчүн мерт кеткен азаматтардын арбактарын, элдин ишеничин бир оодарып, аңга түртүп салды.

Ал аз келгенсип, ТЭЦ боюнча уурдалган миллиондордун аркасында дагы Атамбаевдин кулагы көрүнүп, анын акчасын «Айылбанк» аркылуу «адалдап» жегендери тууралуу да далай айтылды. ТЭЦ боюнча долбоорго көзөмөл жүргүзгөн Атамбаев менен Исаковдун мындай аттуу-баштуу банк аркылуу айланган каражаттан кабары жок деген тарапташтарынын, жактоочуларынын айткандары болбогон сөз. Ал тууралуу дагы далай сөздөр айтылып келе жатат. ТЭЦ боюнча Атамбаевдин Темирлан Султанбеков баштаган жактоочулары канчалык аракеттенбесин, сотто долбоор президенттин деңгээлинде чечилгени, бардыгына президенттик аппарат аралашканы белгилүү болду. Атамбаев дагы ШОС саммитине чейин бүтүрүш керектигин эскертип келген жана өзү көзөмөлдөгөн. Аны сотто Салайдин Авазов дагы, Осмонбек Артыкбаев дагы, Сапар Исаков дагы айтып, бардыгынын башында Атамбаев тургандыгын ачыкташты. Ананчы, Атамбаевсиз бир нерсе чечүү үчүн алардын башы экөө эмес эле да.

Дагы бир коомчулукта айтылып келе жаткан фактыга токтололу. Атамбаев Акаевдин учурунда эле балдарды эс алдыруу үчүн бөлүнгөн акчага «Кыргызавтомашты» менчиктештирип алгандыгы тууралуу да узун кеп бар. Жазуучулар союзуна бөлүнгөн акчаны жеп,  кынык ала түшкөн Атамбаев кийин жаш балдарды көлгө эс алдырып келүү үчүн бөлүнгөн ири суммадагы каражатты пайдаланып, кулкунуна куюп алган экен. Аны ошол кезде «Сорос-Кыргызстан» фондун жетектеп турган Чолпон Жакупова жана Аскар Акаев дагы жакшы билет.

Ошентип, кооз сүйлөп эл башына келген АШАга алгач эл катуу ишенсе, эми бардык тармакты талкалап салгандыгына көздөрү жетип турат. Анын бал тилине алданып жүргөндөрдөн азыр аз эле адам калды. Анын курал колдонуп, элди чуулдаткан Кой-Таштагы жоругунан кийин тескери карап кеткен тарапташтары көп болду. Эл деген эл экен. Андан үмүт үзбөй, мактап, жактап жүргөндөрү да бар. Анын аброюн Карамушкина, Кодуранова, Жолдубаева сыяктуу кыйбас аял жолдоштору кайра жогору көтөрө албай ар кандай оюндарды уюштуруп, АШАны актагылары келгени көрүнүп эле турат. Бирок, колуң менен жасаганды мойнуң менен тарт дегендей, айта берсе АШАнын жасаган элге каршы аракеттери көп

Кубаныч Садыралиев