Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду, — деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун 29-чакырымында (Тору-Айгыр айылы) Hyundai Sonata жана КамАЗ унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен эки эркек киши каза болуп, бирөө жаракат алган. Куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды тез жардам кызматы Чолпон-Ата шаардык ооруканага алып кеткен.