Соттуулугу бар Максат Сабиров дагы депутат болобу? БШК эмне дейт?

Азыр күн сайын сыланган короздой, аппак кири жок каргадай болуп талапкерлер, миң кулпуруп, жасакерленип, шайлоочуларга жагалданып турган чагы. Эгер талапкерледин тизмесине жакшылап көз чаптырсаңыз мурунку эле  түрмөдөн чыгып ЖК га отуруп көнүп калган эргулдар келе жатат. Алардын бирөөсү Максат Сабиров деген.

Максат Сабиров мурда соттолгон экен, эмне үчүн БШК аны мурдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо депутаттыкка талапкер катары өткөрүп берди? Эмне үчүн каралган эмес, бул дагы шайлоонун шайан оюндарынын кесепетиби же, акчанын кулу болгондукпу?

Анан биз кантип өнүгөт элек? Эгер бизди ушундай түрмөдөн түз чыгып, ЖК га отургандар башкарса?

ЖКнын 6- чакырылыштагы депутаттары кандай иштегенине күбө болдук. Эмне үчүн эл нааразы, бир да канаатандыраарлык пикир, кулак сүйүнтө турган сөздөр булардын дарегине айтылган жок. Карап туруп ой келет. Эмне ЖК түзөтүү колониясынын милдетин аткарып калды беле?

Жакында эле УКМК дал ушул М.Сабировго ауидио билдирүү таратып, элди козутканы үчүн.

«Республиканын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө чакырган коомдук кайрылуулардын катышуусун аныктоо үчүн, зарыл экспертизалар дайындалат. Натыйжада укуктук баа берилип, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде чаралар көрүлөт ”, -деп билдирди.

Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы деген, кыязы Сабиров кайра куйтулугун баштаса керек.