Экс-вице-премьер-министр Даир Кенекеев «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болду. Бул тууралуу партиялаштары билдирди.

2020-жылдын 10-августунда партиянын жаңы мүчөлөрүнө партиялык билеттер тапшырылды. Партиялык билетти Кыргызстан партиясынын төрагасы Канатбек Исаев тапшырды.

45 жаштагы Даир Кенекеев 2011-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеген. 2015-жылдан бери өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. 2018-жылы Д. Кенекеев «Учкун» ААКсынын башкы мүдүрү болуп дайындалган.